Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо

2026-05-22 02:31:54 10

28-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинин Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн окутуучулары Абдрахманова Гүлмира менен Абдылдаева Айнура 1-курстун студенттери менен биргеликте “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо” аталышындагы иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чаранын алкагында студенттер Мүмкүнчүлүгү чектелген жана таяныч-кыймыл аппаратынан жабыркаган балдар үчүн шаардык реабилитациялык борборуна барып, жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун негизги максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын коргоо, аларга коом тарабынан көңүл буруу, колдоо көрсөтүү жана студенттердин гуманизм, кайрымдуулук сезимдерин өнүктүрүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер балдар менен баарлашып, кызыктуу оюн-зоок программаларын уюштуруп, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Мындай жолугушуулар жаштарды боорукерликке, жоопкерчиликке жана коомдук активдүүлүккө тарбиялоо менен бирге, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга моралдык колдоо көрсөтүүгө чоң өбөлгө түзөт.