2026-05-26 05:20:04 12
2025-жылдын 23-декабрында Эл аралык билим берүү программаларынын (ЭАББП) колледжинде Физика, математика ПЦКсынын окутуучусу Тойчуева Айгерим ПДс9-1-25 тайпасына математика предметинен ачык практикалык сабагын өткөрдү. Сабактын темасы: «Туунду алуунун эрежелери». Сабактын башталышында «Муз жаргыч» ыкмасы колдонулуп, студенттер сабакка активдештирилди. Окутуучу сабакты заманбап педагогикалык технологиялар менен айкалыштырып, студенттердин активдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Жуптагы талкуу», «Дос-жардамчы», «Кайтарым байланыш» жана «Баалоо картасы» ыкмаларын колдонду. Сабактын жүрүшүндө туунду алуунун негизги эрежелери (туруктуу, сумма, көбөйтүү, бөлүү) этап-этабы менен түшүндүрүлүп, мисалдар аркылуу бекемделди. Студенттер жупта иштеп, өз алдынча мисалдарды чечүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Туундунун таблицасын доскага биргелешип толтуруу жана «Математикалык куржунча» ыкмасы студенттердин материалды тез кабыл алуусуна жана бекемдөөсүнө өбөлгө түздү. Ачык сабакка ФМ циклынын усулдук кеңешинин жетекчиси У.Г. Кожобекова жана окутуучулар Р. Туленбаева, Э. Эргешова катышышты. Сабак коюлган максаттарына толук жетип, окуу программасына ылайык жогорку деңгээлде өттү деп табылды.