2026-05-26 10:58:46 11
Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий-академиялык кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу максатында Финансылык-юридикалык колледжинин окутуучусу И. А. Юсупова академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2026-жылдын май айында Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетине конок лекция окууга барып келди. Мындан сырткары, эки окуу жайдын билим берүү тармагындагы инновациялар, эл аралык кызматташтык жана академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыктары боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, бул академиялык мобилдүүлүк программасы эл аралык билим берүү байланыштарын бекемдөөгө, тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана келечектеги адистердин билим сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түздү. Ошондой эле мындай кызматташтык мындан ары да улантылары белгиленди.