Ачык сабак

2026-05-27 02:04:12 14

2026-жылдын 26-май күнү ФМ ПЦКнын окутуучусу Мурзабекова Асел ННк-2-25 тайпасына математика предметинен «Логарифмалык функциянын туундусу» деген темада ачык сабак өттү. Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, заманбап интерактивдүү усулдар кеңири колдонулду. Окутуучу сабактын жүрүшүндө студенттердин кызыгуусун арттыруу максатында суроо-жооп, топтук иш, мээ чабуул жана практикалык тапшырмалар сыяктуу ыкмаларды пайдаланган. Ар бир студент сабакка активдүү катышып, логарифмалык функциянын туундусун табуу боюнча мисалдарды чыгарып, өз ойлорун эркин билдире алышты. Ачык сабакка ФМ циклынын усулдук кеңешинин жетекчиси У.Г. Кожобекова жана окутуучулар Б. Култаева, Акназар кызы К. катышышты.