1-июнь балдарды коргоо күнү

2026-05-28 18:41:06 32

2026-жылдын 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Финансы-юридикалык колледжинин Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн окутуучулары Абдрахманова Гүлмира жана Абдылдаева Айнура укук таануу адистигинин 1-курсунун студенттери менен биргеликте Ош шаарынын мэриясына караштуу “Боорукердик” социалдык мекемесине барып келишти. Иш-чаранын негизги максаты — балдардын укуктарын коргоо, аларга камкордук көрсөтүү жана коомдо кайрымдуулук, боорукерлик сезимдерин калыптандыруу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер мекеменин тарбиялануучулары менен баарлашып, майрамдык маанай тартуулашты. Ошондой эле балдар үчүн кызыктуу оюн-зоок уюштурулуп, белектер тапшырылды. Мындай иш-чаралар жаштардын социалдык жоопкерчилигин жогорулатып, адамгерчилик жана кайрымдуулук баалуулуктарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Финансы-юридикалык колледжинин студенттери мындан ары да коомдук жана кайрымдуулук иш-чараларына активдүү катышып, муктаж адамдарга колдоо көрсөтүүнү улантышат.