2026-05-29 04:13:31 24
2026-жылдын 30-апрелинде Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас институту тарабынан уюштурулган XXIII студенттик илимий-практикалык конференция «Илимге жол: Жаштар жана инновациялар» аттуу иш-чара болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин ЭБР-5-25 тайпасынын 1-курс студенти Тагдырбекова Асема “Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү тарыхы жана учурдагы абалы” деген темада илимий баяндамасын онлайн форматта окуду.Илимий жетекчиси — Рыскулова Кадича. Студенттин доклады конференциянын тематикалык багыттарына ылайык келип, илимий жактан маанилүү деп табылып, жогорку деңгээлде аткарылгандыгы үчүн сертификат менен сыйланды. Конференция жаш илимпоздордун илимий изилдөөгө болгон кызыгуусун арттырып, тажрыйба алмашууга жана инновациялык идеяларды өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.