2026-05-29 04:32:06 24
2026-жылдын 22- майында Ош МУнун аялдар кеңешинин төрайымынын чакыруусунун негизинде финка банк тарабынан уюштурулган "Ишкер айымдар " аталышындагы семинарга ФМ ПЦКсынын окутуучусу Бекиева М. катышты. Семинарда аялдардын бизнестеги орду, финансылык эсептер, тажрыйба алмашуу жана аялдардын коомдук активдүүлүгүн арттыруу жана ар кандай алдамчылыкка алдырбоо боюнча кеңири маалымат берилди. Жыйынтыгында ар бир аял бизнес баштоо үчүн жана баштаган бизнесин өнүктүүрүүгө финка банк ар дайым колдоого даяр экенин билдирди.