2026-05-30 05:57:27 89
Интеллектуалдык таймаш: «Умники и умницы» юридикалык викторинасы өттү 2026-жылдын 22-майында «Укук таануу жана укук коргоо иши» бөлүмү тарабынан «Умники и умницы» аттуу масштабдуу интеллектуалдык юридикалык викторина өткөрүлдү. Таймашка өлкөнүн үч алдыңкы окуу жайынын командалары катышты: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети; ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжи. Темасы: «Укуктук мурас жана заманбаптык: мамлекеттүүлүктүн башатынан процесстик өркүндөтүүгө чейин». Викторина «Тарых жана теория», «Материалдык укук» жана «Процесстик чеберчилик» блоктору боюнча өтүп, катышуучулар оратордук чеберчилик жана терең укуктук билимдерин көрсөтүштү. Калыстар тобунун «Ареопагы» студенттердин логикалуу ой жүгүртүүсүн жана мыйзамдарды практикада колдонуу жөндөмдөрүн жогору баалады. Уюштуруучулар жана калыстар тобу: Иш-чаранын жетекчиси: «Укук таануу жана укук коргоо иши» бөлүмүнүн башчысы, к.ю.н. Орозбаева А. К. Уюштуруу тобу: окутуучулар Юсупова Г. М., Сарыбаева К., Жуматаева Р., Жуманазарова А., Мавлянова Х. М., Матмусаева М. К. Калыстар тобу («Ареопаг»): ю.и.к., доцент Болот Асанович, Эргешов Адыл Кочконбаевич жана ЖАМУнун өкүлдөрү. Атайын чакырылган конок: К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин окутуучусу Суюнбаев Тагайбек Таалайбекович. Викторинанын жыйынтыгында бардык катышуучулар баалуу тажрыйбага ээ болушуп, жеңүүчүлөр дипломдор жана китептер менен сыйланышты. Мындай иш-чаралар келечектеги юристтердин кесиптик чеберчилигин өстүрүүгө жана окуу жайлар аралык достук байланыштарды бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт.