2026-05-30 07:44:28 66
2026 - жылдын 30.05. күнү финансы-юридикалык колледжинин физика, математика ПЦКсынын окутуучусу Кожобекова Уулжан ‘ Орто кесиптик окуу жайларда физиканы окутуүда кесиптик маселелерин физикалык ыкма менен чечүү” деген темада мастер класс өттү. Ага колледждин окутуучулары катышышты. Негизги максаты боюнча физиканы формула менен эмес, юридикалык жана экономикалык багыттагы студенттердин кесиптик маселелерин чечүүчү курал катары окутуунун усулдары көрсөтүлдү. Кейс-стади интерактивдүү усулун колдонуп, коюлган көйгөйдүн үстүндө маселени чечүү боюнча окутүучулар топтордо иштөө менен жыйынтык чыгарышты. 9- класстын базасындагы студенттерди окутууда кесиптик багыттагы турмуштук мисалдарды берүү менен байланыштырсак сабагыбыз эффективдүү боло тургандыгына ынанышты. “Мастер класс” абдан кызыктуу өттү.