2026-06-01 09:21:38 17
Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде ФЮКтун теология бөлүмү жанан ОшМУнун теология факультети тарабынан уюштурулган расмий дин тармагында эмгектенип жаткан аял дин кызматкерлери үчүн 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу башталды. Курска Ош облусу жана Ош шаарынан жалпы 51 дин кызматкери катышууда. Аталган долбоор Ош мамлекеттик унивеситетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Түркия Диянет Вакфы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматташуусунун негизинде уюштурулду. Окуу программасында салттуу ислам түшүнүгү, Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасы, диний экстремизмдин алдын алуу, дин жана укук, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү жана башка актуалдуу темалар камтылган. Курстун ачылышында Теология факультетинин деканы, доцент Н. Арипов катышуучуларды куттуктады. Ал Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К. Г. Кожобеков жана квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Т. А. Жороевдердин атынан салам жолдоп, окуунун пайдалуу жана ийгиликтүү өтүшүнө болгон жакшы каалоо-тилектерин билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фархатбек Адилбек уулу, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ош шаарындагы өкүлү Самидин ажы Атабаев, анын орун басары, Түркия Диянет Вакфынын Кыргызстандагы өкүлү Махмут Демир жана курсту уюштуруучуларынан Финансы-юридикалык колледжинин Теология бөлүмүнүн башчысы Ж. С. Апазов сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалашты.