2026-06-01 11:26:19 75
ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин окутуучулары марафонго активдүү катышышты Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы тарабынан 2026-жылдын 25-апрелинде уюштурулган 4,3 чакырымдык марафонго Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинин окутуучулары активдүү катышышты. Иш-чаранын негизги максаты сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, ошондой эле жарандардын ден соолугун чыңдоого көңүл буруу болду. Марафондун жүрүшүндө колледждин окутуучулары жогорку активдүүлүгүн жана спортко болгон кызыгуусун көрсөтүшүп, жарышты ийгиликтүү аякташты. Марафондун жыйынтыгында катышуучулар медалдар жана сертификаттар менен сыйланышты. Бул жетишкендик окутуучулардын сергек жашоо образын колдоого жана коомдук иш-чараларга активдүү катышууга болгон умтулуусунун дагы бир далили болуп саналат.