Тургунбаева Гүлмира Суратбековна шаардык мэриянын имаратындагы Жаштар борборунда «Зат атоочтун грамматикалык белгилери» аттуу темада конок лекциясын өткөрдү.

2026-06-03 05:42:26 36

Тургунбаева Гүлмира Суратбековна шаардык мэриянын имаратындагы Жаштар борборунда «Зат атоочтун грамматикалык белгилери» аттуу темада конок лекциясын өткөрдү. Лекция кызыктуу жана интерактивдүү форматта уюштурулуп, катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты. Иш-чаранын жүрүшүндө зат атоочтун негизги грамматикалык белгилери, алардын өзгөчөлүктөрү жана тилдеги орду тууралуу кеңири маалымат берилди. Иш-чарага шаардын мэри Жанар Акаев жана Россия Федерациясынан келген коноктор катышышты. Катышуучулар лектордун жогорку кесипкөйлүгүн жана лекциянын мазмунунун актуалдуулугун белгилешти.