Шахмат оюну

2026-06-03 07:36:33 28

Ош мамлекеттик университетинде окутуучулар арасында уюштурулган шахмат мелдешине Арыков Анарбай агай активдүү катышып, интеллектуалдык спорттун өнүгүшүнө өз салымын кошту. Мелдеш достук маанайда өтүп, катышуучулар өздөрүнүн логикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жана чеберчиликтерин көрсөтө алышты. Мындай иш-чаралар окутуучулардын ынтымагын бекемдеп, сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.