2026-06-03 09:23:09 33
2026-жылдын 3-июнь күнү Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинде Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмү тарабынан 1-курс студенттери үчүн «Жаш өспүрүмдөрдүн укук бузуулары жана жол кыймылынын эрежелерин сактабоонун кесепеттери» аттуу темада конок лекция уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кесиптик даярдык боюнча тобунун улук тескөөчүсү, милициянын майору Макамбаев Сталбек Вазибекович жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн штабынын улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Ыбышова Бурулча Жаркынбаевна катышып, студенттерге пайдалуу жана мазмундуу маалыматтарды беришти. Лекциянын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр арасында кездешкен укук бузуулар, алардын келип чыгуу себептери, мыйзамдык жоопкерчилик, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоонун мааниси жана аларды бузуу кандай укуктук жана турмуштук кесепеттерге алып келери тууралуу кеңири сөз болду. Коноктор өздөрүнүн кызматтык тажрыйбасынан алынган мисалдарды келтирип, студенттердин кызыгуусун арттырган суроолоруна жооп беришти. Иш-чара студенттердин укуктук аң-сезимин жогорулатууга, мыйзамдуулукту урматтоого жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого үндөгөн маанилүү тарбиялык жолугушуулардын бири болду. Конок лекциянын модераторлору болуп Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн окутуучулары Абдрахманова Гүлмира, Абдылдаева Айнура жана Акматали уулу Айисабек кызмат өтөштү. Жолугушуунун соңунда колледж жамааты конокторго терең ыраазычылык билдирип, алардын жооптуу жана ардактуу кызматтарына ийгиликтерди каалады.