2026-06-09 10:45:30 15
2026-жылдын 8-июнь күнү 1-сменанын 2-парасында ФжБИ бөлүмүнүн окутуучусу Маликов Алтынбек Азизбекович “Экономикалык окуулардын тарыхы” дисциплинасынан “Эл аралык валюталык система” деген темада (9 база, 1-курс) финансы адистигинин ФКК-1-25 тайпасына практикалык ачык сабак өттү. Сабак учурунда студенттер эл аралык валюталык система түшүнүгүн, анын негизги элементтерин жана маанисин түшүнүү менен бирге мамлекеттердин улуттук акча бирдиктери жөнүндө маалыматтарга ээ болушту. Тема боюнча практикалык тапшырмалар жана талкуу менен коштолгон жигердүү диалог уюштурулду. Сабактын аягында өтүлгөн теманы бышыктоо үчүн тесттик суроолор берилип, кроссворддорду толтурушту. Өтүлгөн сабак өз максатына жетип, студенттерде темага болгон кызыгууну арттырды. Сабакта заманбап, технологиялар, интерактивддүү ыкмалар колдонулду. Ачык сабакка ФжБИ бөлүмүнүн окутуучулары: Карыбеков Аматжан, Карабаева Толгонай, Таабалдиева Гулзина ж.б. катышышты.