2026-11-09 05:07:28 71
2026-жылдын 6-ноябрь күнү Финансы-юридикалык колледжинин Физика, математика ПЦКсынын математика окутуучулары тарабынан Эл аралык билим берүү программалар колледжинин 1-курсунун студенттеринин арасында «Математика – ийгиликтин ачкычы» аттуу математикалык эстафета уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чараны математика окутуучулары Бекиева М., Туленбаева Р., Билал кызы Ч. жана Тойчиева А. уюштуруп, студенттердин математикалык билимдерин тереңдетүү, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, тапкычтыгын арттыруу жана команда менен иштөө жөндөмдөрүн калыптандыруу максатын көздөштү.Математикалык эстафетанын жүрүшүндө студенттер ар түрдүү кызыктуу тапшырмаларды аткарып, математикалык маселелерди чечүүдө өздөрүнүн билимдерин, ыкчамдыгын, логикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Командалар ортосундагы кызыктуу таймаш катышуучулардын активдүүлүгүн арттырып, достук мамилени жана өз ара кызматташууну бекемдеди.