2026-11-18 05:51:35 34
2026-жылдын 16-ноябрында Финансы-юридикалык колледжинин Физика-математика предметтик циклдык комиссиясынын математика окутуучулары А.Абдылдаева, Шарип к А., Мурзабекова А., Бакалбай к Г. тарабынан 1-курстун студенттеринин арасында «Математика – акылдын гимнастикасы» аттуу интеллектуалдык эстафеталык таймаш уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин математика предметине болгон кызыгуусун арттыруу, логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, ыкчамдыгын өнүктүрүү жана командалык иш алып баруу жөндөмдөрүн калыптандыруу болду. Таймаштын жүрүшүндө студенттер математикалык билимдерин жана жөндөмдөрүн сынап, ар кандай кызыктуу тапшырмаларды, логикалык суроолорду жана интеллектуалдык оюндарды аткарышты. Катышуучулар өздөрүнүн билим деңгээлин, тапкычтыгын, ыкчам ой жүгүртүүсүн жана командалык ынтымагын көрсөтө алышты. Мындай интеллектуалдык иш-чаралар студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге, билимди оюн аркылуу бекемдөөгө, бири-бири менен пикир алышууга жана достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт. Таймаштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр номинациялар жана сыйлыктар менен сыйланышты.