ФЮК бүтүрүүчүлөр ассоциациясы

2016-06-15 10:35:23 334

Ош Мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжинде 2015-2016-окуу –жылынын 11-июнунда “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жолугушуу кечеси” болуп өттү. Жолугушуу кечесине финансы-юридикалык колледжинин директору, доцент Т.Акматова, окуу иштери боюнча директордун орун басары Н.Исаков, карьера борборунун, бүтүрүүчүлөр боюнча жооптуу Жакыпова Гулмира , финансы жана банк иши кафедрасынын окутуучулары, экономика жана салык кафедрасынын окутуучулары , 3-курстун бүтүрүүчү студенттери катышышты. Жолугушуу кечесине 2012-2013-2014-2015-окуу жылында бүткөн студенттер келишти. Жолугушуу кечеси аябай кызыктуу өттү. Жолугушуу мурда бүтүп кеткен төмөнкү студенттер: Суерова Ак-Марал, Алиева Аида, Довлотов Бектур, Танаева Сейил, Али кызы Махабат, Абдил кызы Бермет, Амир кызы Айгерим, Кылычбек кызы Айпери, Айпери,Нурсултан деген студенттерибиз келип өздөрүнүн иштеп жаткан банктары боюнча кызыктуу маек куруп, 3-курстун студенттери кызыктуу суроолорду беришти. Акырында концерттик программа менен аякталды. Быйыл коллеж боюнча 650 студент бүтүп, анын ичинен 34 студент артыкчылык диплом менен аякташты.