Дирекция

2014-03-26 15:49:57 309

25-мартта Финансы – юридикалык колледжи менен банктар арасында кызматташууну күчөтүү максатында ФЮКтун тарыхында алгач ирет “Реалдуу турмуш, реалдуу жумуш” темасында “Оптима” банк өкүлдөрү менен семинар өткөрүлүп, натыйжада “Банк иши”, “Финансы” “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Салык жана салык салуу” адистиктеринин 3-курстарынын, тайпалардагы 60 студентинен банктын өкүлдөрү өздөрүнүн ваканттык орундарына кызматкер кылып алуу үчүн тесттерди алышты. Тест алганга чейин колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары, доцент Н. Исаков келген кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, студенттер менен жарым саат банктын өкүлдөрү маектешти. Жыйынтыгында студенттер бир катар кызыккан суроолоруна жооп алышты. Андан кийин аталган банктын түштүк региону боюнча координатору Шамшиев Нурлан Акимжанович ишке кабыл алуу 3 этаптан тураарын, бүгүнкү турдан өткөн балдарды чакыраарын эскертип, студенттерге ийгилик каалап өттү.