“Салыктык сабаттуулук сабактары” деген темада конок лекция

2018-03-22 09:12:21 293

“Салыктык сабаттуулук сабактары” деген темада конок лекция Финансы-юридикалык коллежинин “Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасынын 2-курсунун студенттерине Ош шаардык салык инспекциясынын өкүлү Адылбек уулу Суйунбек “Салыктык сабаттуулук сабактары” деген темада конок лекция өтүп берди. Лекцияда негизги салыктык түшүнүктөр жана алардын колдонулушу жөнүндө айтылды. Мындай иш-чаралар иш берүүчүлөр тарабынан жана кафедранын окутуучулары тарабынан уюштурулуп турат.Лекциянын аягында студенттер тарабынан суроолор берилип, кызыктуу талкуу журду.