Укук коргоо органынын кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу уюштурулду

2018-03-30 14:57:29 312

ФЮКтун дирекциясы тарабынан 2018-жылдын 29-март күнү колледждин студенттери менен Ош ШИИБнын “Ак-Буура” милиция бөлүмүнүн кызматкерлери, милициянын капитаны Дилмурад Юлдашов жана милициянын лейтенанты Санжарбек Жороевдин катышуусунда жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда топтолуп мушташуу жана рекетчиликтин терс кесепеттери боюнча кенен маалымат берилип, жыйынтыгында кайсыл статья менен кылмыш иши козголоору жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер тарабынан бир нече суроолор берилип, ага милициянын капитаны Дилмурад Юлдашов жооп берди.