Алп талантка таазим

2018-04-27 15:43:03 310

Алп талантка таазим ФЮКта дүйнө элине аттын кашкасындай таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Алп талантка таазим» аттуу адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү. Кечеге ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору п.и.к., доцент Ташболот Жороев конок болуп келип, директордун м.а., доцент Нургазы Исаков, ФЮКтун окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты. Студенттер Ч.Айтматовдун “Кыямат”, “Кылым карытар бир күн”, “Тоолор кулаганда” романдарынан, “Ак кеме”, “Саманчынын жолу”, “Делбирим”, Жамийла” повесттеринен үзүндүлөрдү аткарышты, монологдорду айтышты. Кече жазуучунун чыгармаларына арналып жазылган обондуу ыр-бийлердин коштоосунда өткөрүлдү. “Мыкты дубал гезит”, “Мыкты монолог”, “Мыкты баш катырма”, “Мыкты кол өнөрчүлүк”, “Мыкты образ”, “Мыкты сүрөт”, “Мыкты обондуу ыр” номинациялары тандалып, татыктуу студенттер дипломдор менен сыйланышты.