"Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу" аттуу иш-чара

2018-05-04 09:16:34 269

« Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу » 2018-жылдын 20-апрель күнү залкар жазуучу Айтматов Чынгыз Торокуловичтин 90 жылдыгына карата укук таануу кафедрасынын башчысы, доцент Асанбекова Джамиля Жекшеналиевна тарабынан иш-чара өткөрүлдү. Залкар жазуучунун “Биринчи мугалим” аталыштагы чыгармасы 3 аспектте (Адамдык мамилелерди өнүктүрүү; Региондорду өнүктүрүү; БУУнун өнүгүү программалары) каралып, ар бир команда бөлүнгөн аспектте “Биринчи мугалим” чыгармасынын видеоролигинин үзүндүсүнө өздөрүнүн көз караштары боюнча талкуу жүргүзүштү. Жыйынтыгында жөн гана адам болуу эмес, нак адамдык сапатты, адамдык ыйык касиетти алып жүрүү кыйындын кыйыны экендигин айгинелеген “Адамдык мамилелерди өнүктүрүү” командасы жеңишке жетишти.