«Ата-эне менен окутуучунун кызматташтыгы» аттуу иш-чара

2018-05-07 14:09:01 295

«Ата-эне менен окутуучунун кызматташтыгы» 3-май күнү саат 12:00дө Финансы-юридикалык колледжинин Укук таануу кафедрасы тарабынан уюштурулган «Окуу жай менен ата-эненин кызматташуусу - студенттин жаркын келечеги» аттуу ата-энелер чогулушу болуп өттү! Чогулуштун негизги максаты: - студенттердин сабакка катышуусун жандандыруу; - AVN автоматташтырылган информациялык система боюнча жеткиликтүү маалымат берүү; - ата-энелердин милдетин түшүндүрүү, ата-энелер менен окуу жайдын байланышын чыңдоо аркылуу билим сапатын көтөрүү; - студенттер арасында тартип бузуулардын алдын алуу. Чогулушка адистиктин 1-2-курстарынын студенттеринин ата-энелери катышышты. Чогулушту ФЮКтун директорунун м.а., доцент Н.Ж. Исаков ачып берип, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү баса белгилеп өттү: “Ата-эне менен мугалимдин ортосундагы үзүрлүү байланыштын тамыры ата-энелер чогулушу деп айтаар элем. Биз ата-энелер менен үзүрлүү кызматташуунун натыйжасында дарагыбызды гүлдөтүп, көп ийгиликтерге жетише алабыз. Ата-эне менен окутуучу ортосундагы дайыма болуп турган байланыш: баласынын тартиптүү, ыймандуу, сылык, эмгекчил, билимдүү бала болуп өсүшүнө өбөлгө түзсө, ал эми педагог болсо үлгүлүү, алдыңкы окуучусу бар экендигине сыймыктанат. Ата-энелер чогулушун өткөрүп туруу дагы алар менен жакындан кызматташууга өбөлгө түзөт”. Андан сон кафедра башчы, доцент Дж. Ж. Асанбекова адистиктин ПО курамы, жана андагы тайпалардын кураторлору о.э. адистиктин негизги кесиптик билим берүү программасы (НКББП) менен тааныштырды. Чогулуштун жүрүшү бир сааттан ашык убакытка созулуп, анда «Билимдүү жаштар келечектин үмүтү » деген темага кафедранын улук окутуучусу Назгүл Сатылганова о.э. «Студенттин инсандык калыптануусуна ата-эненин тийгизген таасири » деген темада3-курсунун студенти Р. Бактыбаева баяндама жасашты, ошондой эле ОшМУнун AVN системасынын жетекчиси Н.Камбарова тарабынан "Kelbil" программасы боюнча маалымат берилди. Жыйынтыктап айтканда чогулушта биринчиден колледж, студент, окутуучу жөнүндө ар кандай ой-пикирлер, каалоо-тилектер, сунуштар, чечилбеген иштер жөнүндө сүйлөшүүлөр болсо, экинчиден, ата-энелер окутуучулардын иштерине баа беришип, колледжге, окутуучуларга болгон көз караштарынын өзгөргөнүн байкоо менен сунуштарын айтып жаткандарын байкоого болот.