Ардагерлер менен жолугушуу

2018-05-12 11:28:14 291

Ардагерлер менен жолугушуу 9-май күнүнө карата ЭБР4-17 тайпасынын студенттери Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, II даражадагы Ата-Мекендик согуш ардагеринин ээси Роман Калимулин менен жолугушту. Роман Калимулин 93 жашта, бир уул, бир кыздын атасы, төрт неберенин чоң атасы. 19 жашында согушка аттанып биринчи Беларусь фронтунда согушкан. 1945-жылдагы СССР менен Япония ортосун дагы согуштун катышуучусу болгон. Мекенине 1945-жылдын октябрь айында кайтып келген. Ж.Ахунжанова ушул эле куратордук группасы менен биргеликте Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Константин Яровский менен да жолугушту. Ардагер 93 жашта. Ата-Мекендик согуш мезгилинде Литва, Латвия, Польша өлкөлөрүнүн фронтторунда салгылашкан. Студенттер өз белектерин ардагерлерге берип, алар менен маек куруп келишти. Айта кетсек бул иш-чаралар Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата болуп жатат жана бул студенттердин жеке демилгеси.